Фонддун 2003-2009-жылдары аткарган иштери:

E-mail Печать PDF
  • 2003/05/12 - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фонду жана көркөм-сүрөт мектеп-интернаты менен бирдикте таланттуу окуучулардын сүрөт жана айкел көргөзмөсү уюштурулду.
  • 2003/10/01 - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 125 жылдыгына карата «Кыргыз мамлекетинин кыскача тарыхы жана тарыхчы-илимпоздор» аттуу илимий-библиографиялык китептин жарыкка чыгышына демөөрчүлүк көрсөтүлдү.
  • 2004/01/01 - Тубаса жүрөк оорудан жабыр тарткан 5 жашар Бермет аттуу кыздын операциясы үчүн 11000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты жардам катары берилди.
  • 2004/02/22-29 - Фонддун мүдүрү Улан Усупов БУУнун чакыруусу менен Таиланддын борбору Банкгок шаарында өткөн «Дүйнө жаштарынын тынчтык саммитине» барып катышып келди.
  • 2004/04-05 - Фонддун стипендианттары жана каалоочулар үчүн «Инсандык жеке сапаттарды өнүктүрүү» аттуу темада семинар уюштурулду.
  • 2004/10/01 - 235 кишинин катышуусунда фонддун демөөрчүлөрү менен стипендианттарынын таанышуу кечеси болуп өттү.
  • 2004/12/04 - Репрессияга дуушар болгон маркумдарды эскерүү максатында фонддун стипендианттары менен чогуу «Ата-Бейит» тарыхый комплексине саякат жасалды.
  • 2005/03/19 - «Нооруз» майрамына карата «Сейтек» республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
  • 2005/05/04 - Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрайымы Баекова Чолпон Турсуновна менен фонддун стипендианттарынын жолугушуусу өткөрүлдү.
  • 2005/06/19 - Маданий мурастарыбызды таанып-билүү максатында фонддун стипендианттары менен бирдикте Бурана комплексине саякат жасалды.
  • 2005/09/25 - «Мамлекеттик тил күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте Бишкек шаарынын орто мектептеринин 10-класстарынын окуучулары арасында «Мен жашаган ата журтта кыргыз көчү уланат» аттуу дилбаяндар сынагы өткөрүлдү.
  • 2005/11/10 - 2003-2004-жылдары жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «ЫЙЫК АТА ЖУРТ» коомдук жаштар фонду Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаштар сыйлыгына татыктуу болуп, алтын диплом, алтын медаль жана атайын статуэтка менен сыйланды.
  • 2005/12/21 - Белгилүү коомдук ишмерлердин, жазуучулардын жана журналисттердин катышуусунда «Шоокум» журналынын алгачкы санынын бет ачары өткөрүлдү.
  • 2005/12/25 - Фонддун стипендианттары Бишкектеги «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинде тарбияланып жатышкан жардамга муктаж улан-кыздарга жагымдуу маанай тартуулап кайтышты.
  • 2006/03/6-20 - Фонддун стипендианттарынын арасында «ЫЙЫК АТА ЖУРТ» коомдук жаштар фондунун кубогу» аттуу футболдук мелдеш өткөрүлдү.
  • 2006/03/08 - Аялзатынын эл аралык күнүнө карата фонд менен тыгыз кызматташып жүргөн эже-карындаштар үчүн майрамдык дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланды.
  • 2006/03/18 - «Нооруз» майрамына карата «Сейтек» республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жана «Теңир Ордо» улуттук мурастарды сактоо фонду менен биргеликте майрамдык иш-чара уюштурулду.
  • 2006/04/15 Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар саясаты департаменти уюштурган «Кыргызстан жаштары» аттуу форумга фонддун директору Абдилазиз Жолдошов барып катышып, кыргыз жаштардын атынан Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевге «Кыргызстан жаштары» төшбелгисин тапшырды.
  • 2006/05/03 - «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө» карата фонддун стипендианттары менен Кыргыз Республикасынын адилет министри Марат Кайыповдун жолугушуусу уюштурулду.
  • 2006/05/10-16 - Шанхай кызматташтык уюмунун 5 жылдык мааракесине карата онго жакын өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда Бээжин жана Шанхай шаарларында аталган уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн жаш лидерлеринин жолугушуусу болуп, ага фонддун директору Абдилазиз Жолдошов барып катышты. Жолугушууда бул уюмга мүчө болгон өлкөлөрдөгү жаштар уюмдарынын келечекте тыгыз кызматташуу маселелери каралды.
  • 2006/06/02 - Балдарды коргоо күнүнө карата МТРКнын концерттик залында «Жаштык» радиоканалы жана «Ак шоола» балдар ансамбли менен биргеликте «Унутпа балдарыңды, Мекеним!» аттуу кайрымдуулук концерти өткөрүлдү.
  • 2006/09/25 - «Мамлекеттик тил күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирге Бишкек шаарынын орто мектептеринин 10-класстарынын окуучулары арасында «Мамлекеттик тилдин тагдыры – элдин тагдыры» аттуу дилбаяндар сынагы өткөрүлдү.
  • 2006/11/12 - Фонддун стипендиаттары менен чогуу «Ата-Бейит» тарыхый комплексине саякат жасалды.
  • 2006/12/31 - Курман айт майрамына карата  фонддун стипендиаттарына, балдар үйлөрүнө жана материалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө эт таратылды.
  • 2006-2007-жылдары арасында «ЫЙЫК АТА ЖУРТ» коомдук жаштар фондунун филиалдары өлкөбүздүн бардык областтарында ачылды.
  • 2007/03/18 - 21-март Нооруз майрамына байланыштуу фонддун стипендия ээлери жана белгилүү жаш ырчылардын коштоосунда “Сейтек” республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда концерттик программа өткөрүлдү.
  • 2007/05/15 - “ЫЙЫК АТА ЖУРТ” коомдук жаштар фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Кыргызстандагы билим берүү системасы: кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу аталышта илимий симпозиум өткөрдү.
  • 2007/10/02 - 1 октябрь карылар күнүнө карата фонддун 2007-жылы кабыл алынган стипендианттары менен карылар үйүнө зыярат кылынды. Карылар үйүндөгү 250 карыга кечки ысык тамак берилди.
  • 2007/10/03 - Фонддун стипендианттары менен балдар үйүнө зыярат кылынды. 50 жетим балдарга кечки ысык тамак берилди.
  • 2007/10/10 - 250 кишинин катышуусунда фонддун демөөрчүлөрү менен стипендианттарынын таанышуу кечеси болуп өттү.
  • 2007 - жыл 17-ноябрь.17 ноябрь студенттер кунуно карата, студеннтердин катышуусу менен чакан кече уюштурулду.
  • 2007/12/01-03 - 3 декабрь майыптар күнүнө карата 20 майып бала ата- энелери менен фонддко чакырылды, аларга майрамдык дасторкон даярдалды жана стипендианттар чакан концерт коюп беришти. Кеченин аягында белектер тапшырылды.
  • 2007/12/20 - Курман айтка карата балдар  үйлөрүнө, майыптар үйлөрүнө, карылар үйүнө, фонддун стипендианттарына жана муктаж үй-бүлөлөргө эт таратылды.
  • 2008/05/31 - “ЫЙЫК АТА ЖУРТ” коомдук жаштар фонду, “Шоокум” илим, турмуш жана маданият журналы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Жогорку Кеңешинин Билим Берүү комитети менен бирдикте “Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин стратегиялык мааниси жана окуу куралдарынын сапаты” аттуу илимий симпозиум өткөрдү.
  • 2008/11/19 - 17-ноябрь студенттер күнүнө карата Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин ортосунда «2020-ЖЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТЕРИ» аттуу тамашалуу кече уюштурулду.
  • 2009/02/15 - Фонддун стипендианттары үчүн “Ата- Бейитке” зыярат уюштурулду. Жаштарды курман болгон адамдардын өмүр баяны менен тааныштыруу менен биргеликте улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун урматына куран окулду.
  • 2009/03/05 - 8-март  эл аралык аялдар күнүнө карата стипендианттар менен демөөрчү эжелер менен биргеликте карылар үйүнө зыярат кылынды. 275 адамга кечки ысык тамак берилип, чакан концерт жана белектер тартууланды. Ал эми 8-март күнү “Вефа” соода борборунун чоң залында стипендианттардын жардамы менен уюштурулган концерт 300 ашуун көрүүчүлөргө тартууланды.
  • 2009/03/21 - Нооруз майрамына карата иш-чара өткөрүлдү. 100 материалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана конокторго майрамдык тамак тартуууланып, шаардык депутат кичинекей бөбөктөргө белек тапшырды.
Жаңыланды ( 29.05.2010 06:44 )