
“ЫЙЫК АТА ЖУРТ” коомдук жаштар фондунун максаттары:
- Жаштардын патриоттук сезимин чыңдоо, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга үндөө жана эл-жерине татыктуу жаран катары кызмат кылууга чакыруу;
- Жаштар арасында демократиялык маданиятты калыптандыруу;
- Жаштар арасында элибиздин руханий дөөлөттөрүн жана адеп-ахлактуулуктун асыл принциптерин жайылтуу;
- Таланттуу жаштардын чыгармачылыгын колдоо;
- Жаштар арасында кыргыз тилин өнүктүрүү;
- Жаштарды сергек жашоого үндөө;


