Симпозиум

E-mail Печать PDF

IV ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМ

«ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ»

2010-жылы май айында (май айынын кайсы күнү өткөрүлөрү ММКрына жана журналыбызга, сайтыбызга алдын-ала жарыяланат.) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду «ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» аттуу илимий симпозиум өткөрөт.
Илимий симпозиумга өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү: мугалимдер, илимпоздор, тийиштүү мамлекеттик кызматчылар, коомдук ишмерлер ж. б. катышат.
Илимий симпозиумда окулган докладдардын топтому өзүнчө китеп жана компакт-диск түрүндө чыгарылып, авторлорго жана тиешелүү мекеме-уюмдарга акысыз таратылат.          Республикалык деңгээлдеги мындай симпозиум төртүнчү ирет өткөрүлүүдө.

Секциялар:

  1. Инновациялык билим берүү: максаты, мазмуну жана технологиясы.
  2. Жаңыча педагогикалык квалификациялык талаптар.
  3. Окутуу  - тарбиялоонун жаңыча технологиялары.
  4. Билим берүүдөгү башкаруу жана финанс менеджменти.
  5. Жаңы муундагы окуу китеби: талаптар жана тажрыйбалар.

Илимий симпозиумдун иштөө процесстери:

  1. Конференциянын ачылышы.
  2. Пленардык жыйын.
  3. Секциялык жыйындар.
  4. Жыйынтыктоочу жыйын.


Симпозиум өтүүчү жайдын дареги: Бишкек шаары, Манас проспектиси 301, “Ысык-Көл” мейманканасы
Кеңсенин дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 34/11
Байланыш телефондору: (0312) 437814; (0543) 088532, электрондук дареги: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

Жаңыланды ( 28.04.2010 08:22 )  
Бакай бабамдын сөзү:

Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет!

Бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет!

Кызматташтар

 

 

 

Сурамжылоо



Сайтка кандайча келип калдыңыз?

Loading...